Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы өзгөрдү

 Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы өзгөрдү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамынан төмөнкүлөр чыгарылды:

-Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Айтен Рустамова;

-Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил;

-Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер;

-АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин «Укук булагы» долбоорунун директору Фред Хьюстон.

Ошондой эле Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилди:

-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев;

-Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев;

-Энергетика министри Доскул Бекмурзаев;

-Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ;

-Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы Артем Новиков;

-Евразия өнүктүрүү банкынын директору Нурлан Акматов.

Кеңештин курамын башкы катчынын сунушу боюнча президент бекитет. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирет.

Белгилей кетсек, аталган кеңеш үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда президенттин Жарлыгы менен түзүлгөн.

Жанылыктар