ОшТВ телерадиокомпаниясы

Президент өзүнүн администрациясынын командасы менен футболдук турнирге катышат  

 Президент өзүнүн администрациясынын командасы менен футболдук турнирге катышат  

Садыр Жапаров баштаган президенттик аппараттын командасы бүгүн  кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футбол боюнча жолдоштук турнирге катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргызстандын футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган. Турнирдин негизги максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образы экени белгиленет.

Турнирге президенттик аппараттын командалары, улуттук футболдун ардагерлери, жалпыга маалымдоо каражаттары, спорт федерацияларынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү жана маданият ишмерлери катышат.

Турнир Спорт телеканалы (КТРК) жана социалдык тармактардагы баракчаларында түз алып көрсөтүлөт. Түз эфир 13:45 де башталат.

Жанылыктар