Президент Жапаров Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-февралда Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигине барып, жер титирөөлөрдүн кесепетинен көп сандаган курмандыктарга байланыштуу түрк элине көңүл айтты.
Мамлекет башчысы көңүл айтуу китебине жазуу калтырып, анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан боордош түрк элине көңүл айтып, колдоосун билдирди.
«Бүгүнкү күндө жер силкинүүдөн сандаган имараттар кыйрап, анын курмандыгына айланган миңдеген түрк боордоштору үчүн жамы кыргыз журтунун жүрөгү сыздап турат. Сиздердин кайгыңыздар – биздин да кайгыбыз!
Биздин жүрөгүбүздө түрк элинин, Түркиянын орду чоң. Кыргыз эли, ата-бабаларыбыздан салт болуп келаткандай, тарыхы менен тамыры бир түрк эли үчүн, башыңыздарга кандай күн түшпөсүн, жөлөк-таяк, арка-бел болууга ар дайым даяр.
Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман каза болгон боордошторубуздун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жер титирөөдөн жараат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилеймин!» – деп жазды Президент Садыр Жапаров.
Белгилесек, Кыргызстан зилзаланын кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү үчүн Түркияга куткаруучулар тобун жөнөттү. Муну менен катар өлкө аймагында гуманитардык жардамдар чогултулууда.