Президент Жапаров Путинге шахта кырсыгына байланыштуу көңүл айтты    

 Президент Жапаров Путинге шахта кырсыгына байланыштуу көңүл айтты    

Өлкө башчы Садыр Жапаров  Орусия  президенти Владимир Путинге Кемерово облусундагы шахтада болгон кырсыктын кесепетинен жумушчулардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Каргаша кечээ  эртең менен «Листвяжная» шахтасында болгон. Ал убакта 285 киши иштеп жаткан, көбүн үстүнө алып чыкканга жетишишкен. 11 кенчи каза таап, 60 киши жабыркап, алардын 37си ооруканага жаткырылган. Ошондой эле үч куткаруучунун сөөгү табылганын РИА Новости жазган.

«Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында болгон авариянын натыйжасында шахтёрлордун каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең өкүнүч менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул кырсыктан жапа чеккендердин бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Шахтадагы жарылуунун кесепетинен 46 жумушчу көз жумду. Аларга жардамга бара жаткан алты тоо куткаруучулары да чыга албай калган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 13 киши текшерүүдөн өтүп амбулатордук түрдө дарыланууда, 38 адам ооруканага жаткан. Стационардагылардын 11и куткаруучулар. Мындан сырткары, 35 кенчи дайынсыз болууда. Метан көп чыгып жатканына жана жарылуу коркунучу болгонуна байланыштуу издөө иштери токтотулган. Каза болгондор менен дайынсыз жоголгондордун өздүгү аныкталып, алардын туугандары менен дарыгер жана психологдор иштеп жатат. Аймакта үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Жанылыктар