Президент Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына барды

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына барды. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.
Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.
Сессияда уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.