Президент Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына барды

 Президент Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына барды

Президент Садыр Жапаров 30-октябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Абу-Даби шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ушул эле жерде президент Садыр Жапаров менен БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин Мохаммед Фарадж Фарис Аль Мазруэй менен кыскача баарлашуу болду.

Эске салсак, иш сапардын алкагында мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар