Президент жалпы республикалык эл каттоого катышты

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, өлкө боюнча башталган калкы жана турак жай фондун каттоого катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берди. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен Президент Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алды.
Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо 25-мартта башталып, 3-апрелине чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 23-апрелинен 2-майга чейин жүргүзүлөт.
Эл каттоого 28 миң убактылуу каттоочу кызматкерлери (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана эл каттоочулар) тартылды.
Жалпы республикалык өнөктүк каттоочулар тарабынан жеке уюлдук телефон же планшет аркылуу мобилдик тиркемени колдонуу менен биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт.