Президент жаңы учак сатып алдыбы? Бул боюнча маалымат катчысы түшүндүрмө берди

 Президент жаңы учак сатып алдыбы? Бул боюнча маалымат катчысы  түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышып, Кыргызстанга кайтып келди. Бул иш сапарга президент учуп барган учак тууралуу кызуу талкуулар болгон.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бул жагдай боюнча маалымат берди.

Султанбаевдин айтымында, мамлекет башчысы АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барды. Кыргыз тарап болгону күйүүчү май менен камсыздаган.

“Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган. Учак “№ 1 борт” катары чет өлкөлүк сапарларга чакан делегация менен чыгууга пайдаланылат. Бул учактын чыгымдары учурда колдонуудагы ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү келет. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Учуу мөөнөтү дагы түгөндү”,-деди Султанбаев.

Учурда Bombardier Global Express XRS учагын лизингге сатып алуу боюнча акыркы чечим кабыл алына электиги айтылды.

Жанылыктар