Президент Зеленский Украинаны коргоо үчүн камактагыларды бошотууга буйрук берди

 Президент Зеленский Украинаны коргоо үчүн камактагыларды бошотууга буйрук берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнү коргоо үчүн абактардан айрым туткундар бошотулганын билдирди, деп билдирет «Эхо Москвы».

«Бул моралдык жактан кыйын чечим болду. Аскердик абалга ылайык, согушкерлер, чыныгы согуштук тажрыйбасы бар украиндер камактан бошотулуп, өздөрүнүн күнөөсүн жууп кете алышат. Алардан бардык санкциялар алынып салынат. Негизгиси азыр коргонуу», – деп баса белгиледи ал.

Украинадагы салгылашуулар бешинчи күндөн бери уланууда.  2022-жылдын 24-февралында орус лидери Владимир Путин атайын аскердик операция башталганын жарыялаган.  Украинада жана Батышта бул толук масштабдуу басып алуу катары кабыл алынган. 25-февралда Россия Федерациясына каршы катаал экономикалык санкциялар киргизиле баштады.

Курмандыктардын саны эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин арасында да, карапайым калктын арасында да өсүүдө. Европага кеткен украиналык качкындардын саны өсүүдө. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө Орусиянын аракеттерине нааразылык акциялары өтүп жатат.

 

Жанылыктар