Президент талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө курууга тапшырма берди

 Президент талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө курууга тапшырма берди

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу  кеңешме өткөрдү. Ага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Коопсуздук кеңешинин катчысы катышты.

Кеңешмеде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди.

Мамлекет башчысы биринчи кезекте, чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө, жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүгө жана толук кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө курууга, социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу тапшырмаларды берди.

Жанылыктар