Президент Түркиядагы издөө-куткаруу иштеринде өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров Түркиядагы издөө-куткаруу иштеринде өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо тапшырмасын берди. Бул туурасында ал өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кабыл алганда айтты.
Жолугушууда мамлекет башчыга Кыргызстандын ӨКМ куткаруучулары тарабынан Түркия Республикасында жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат берилди.
«ӨКМ тарыхында биринчи жолу кыргызстандык куткаруучулар өлкөдөн сырткары куткаруу миссиясы менен чыгышты. Акыркы эки жылда куткаруучуларды даярдоону жана кинологиялык кызматтын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө«,-деди өзгөчө кырдаалдар министри.
Министр Кыргызстандан барган куткаруучулардын командасы чоң иш аткарганын — өз өмүрүн тобокелге салып, куткаруучулар урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде жаш балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишкендигин баса белгиледи. Мындан тышкары Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, ал жакта жашаган жана окуп жаткан мекендештер, жеринде чоң жардам, колдоо көрсөтүштү.
Садыр Жапаров куткаруучуларга Түркиядагы ири кыйроолорго алып келген жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, алардын иш-аракеттерин “профессионалдуу, жакшы уюшкан жана натыйжалуу” деп атады.
Мамлекет башчы министр Бообек Ажикеевге Түркиядагы издөө-куткаруу иштеринде өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Бул башкаларга да стимул болорун, алар мындан да мыкты иштеп, өз кесибинде өсүүгө умтула турганын баса белгиледи.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жаз-жай мезгилине мүнөздүү табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүү керектигине токтолду.
Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болушунча алдын алууга багытталган ыкчам чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.