Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды

 Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды

Президент Садыр Жапаров фейзбуктагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, парламенттин, комитеттердин жана фракциялардын жыйындарына көз салып турганын билдирди. 

Мамлекет башчы эл өкүлдөрүнөн парламенттин, комитеттердин, фракциялардын жана депутаттык топтордун жыйындарына Министрлер кабинетинин төрагасы өзү келсин, министр өзү келсин деген талапты койбоону өтүндү.

“Кандай гана маселе каралбасын, ошол маселеге тиешелүү орун басарлары барып жатышат. Министрге караганда каралып жаткан маселени орун басары жакшы билерин билесиздер. Анткени тиешелүү болгон маселелер менен тиешелүү орун басарлары түздөн-түз иш алпарышат. Ар бир орун басардын адистигине, багытына жараша иштер бөлүштүрүлүп берилет. Ал эми министр болсо жалпысынан координациялайт. Бирок албетте, өзү жетектеген министрликтин бардык иштери үчүн керт башы менен жооп берет. Менин сиздерге (ар бир депутатка) айтайын дегеним, эгер кандайдыр бир көйгөйдү же Министрлер кабинети чече турган маселени көтөргүңүздөр келсе, анда ар бир аптанын жума күндөрү кечки саат 18-00дө өтө турган Министрлер кабинетинин жыйынына катышсаңыздар болот. Апта башынан бери аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маселелер каралып жана кийинки аптага тапшырмалар берилет. Ушул жыйындарга келип катышканга ар бириңиздердин толук укугуңуздар бар. Эшик ачык. Бул жыйындарга катышып, каалаган талаптарыңыздарды койсоңуздар болот. Бардык министрлерди, айрым күндөрдө облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүмдү дагы ушул жерден таба аласыздар. Келип, суроо-талаптарыңыздарды койсоңуздар болот. Ошондо маселеңиздер ыкчам чечилет деп ойлойм”,- деп билдирди Жапаров.

Жапаров парламент жыйындарына министрлерди орчундуу маселе болгондо гана чакырууну, алардын бир күндүк ишин үзгүлтүккө учуратпоого чакырды.

Жанылыктар