Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен шайлоо участкасына келип, добуш берди.
Мамлекет башчысынын үй бүлөсү Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесине карайт.
Добуш берүү процедурасы аяктагандан кийин Садыр Жапаров өлкө жарандарын парламенттик шайлоого активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды.
«Ар бириңиздердин добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын келечеги аныкталат», – деп кайрылды Президент Садыр Жапаров өлкө жарандарына.