Президент Садыр Жапаров тышкы карыз тууралуу айтты

 Президент Садыр Жапаров тышкы карыз тууралуу айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында тышкы карыз тууралуу айтты.

Ал азыр тышкы карызды төлөө үчүн каржы булактарын табуу керек деген чоң маселе турарын белгиледи.

«Буга чейинки берилген маалыматтарга ылайык, быйыл 23 миллиард сомдун, эмдиги жылы 25 миллиард сомдун тегерегиндеги сырткы карызды жабуу милдети турат. Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек. Төлөй албасак, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкөнүн беделине шек келгени турат», — деди Садыр Жапаров.

Ал саясий упай топтоп, «электорат көбөйтөм» деген саясатчыларга кайрылып, сырткы карыздан кантип кутулабыз деген маселе күн тартибинде турарын, айла куруп турган маал экенин эске салды.

«Мындай шартта элдин атынан шайланып, тагылган иш-милдеттерин так аткарып, карапайым калктын койгон талаптарын ишке ашыруу үчүн кандай гана тоскоолдуктар болбосун, алга жыла беришибиз керек. Эң башкысы, элдин камын көргөн ишибиз ак жана так болсо болду. Себеби өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү мол болгон Кыргызстандын жүгүн алга тартып кетүүдө шайлоочуларыбыздын койгон талаптары эң туура», -деди ал.

 

Жанылыктар