Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча суроолорго жооп берди

 Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча суроолорго жооп берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов боюнча суроолорго жооп берди.

Мамлекет башчы парламентте Ширшовко байланыштуу такталбаган маалыматтар айтылып жатканын билдирди.

“Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп, бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. Эл шайлады да, эмне кылабыз. 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деген ой-санаа басып жатса керек. Ошол үчүн паламенттин трибунасынан ызы-чуу салып жатышат. Ширшов менен схема түзүп аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин. Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун баары камалат. Мурдагы заман жок”,- деди Жапаров.

Ал Ширшовду, Акаевди кабыл алганы мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн болгонун белгиледи. Президент бул маселелер боюнча бир аз убакыттан кийин кенен маалымат бере турганын билдирди.

Жанылыктар