Президент Садыр Жапаров Пекин шаарына барды

 Президент Садыр Жапаров Пекин шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын учагы Пекин шаарындагы эл аралык аэропортко конду.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада – 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.

Жанылыктар