Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Казакстандын борбор шаары Астанага барды.
Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.