Президент Садыр Жапаров Бактыбек Калмаматов боюнча пикирин билдирди

 Президент Садыр Жапаров Бактыбек Калмаматов боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” басылмасына маек куруп, Кыргызстандагы акыркы кырдаал боюнча бир канча суроолорго жооп берди. Мамлекет башчы Калмаматовго саясий куугунтук болбогонун, ал кээ бир саясатчылардын саясий куралы болуп калганын билдирди.

“Чынын айтсам ошол жигитке көңүл деле бурбайм. Аны саясий куугунтук кылып эмне кылам. Эгер Бактыбек кадыр-баркы эң жок дегенде 10 пайыз эл колдогон саясатчы болсо бир жөн. Бир пайыз добуш албаган балага башымды оорутуп эмне кылам. Мен ал бала боюнча бир да жолу жаман сөз айткан эмесмин. Ошол эле убакта ал бала мен жөнүндө эмне деген гана ыплас сөздөрдү айтып келди. Бирок мен көңүл бурган жокмун”,- деп билдирген Жапаров.

Президент Жапаров 2020-жылдын 7-8 октябрь күндөрү премьер-министр болуп турган учурда Калмаматовго биринчи вице премьер-министрлик кызматын сунуштаган. Калмаматов тажырыйбам жок деп кызматтан баш тартып, депутаттыкка бара турганын билдирген.

“Бул баланы артында турган карт бөрү карышкырлар “сен ушинтип кыйкырып чык” деп кокутуп сүрөп коюп жатышат. Алардын баарын кимдер экенин билебиз. Алардын да жооп берчү убактысы келет. Жаш бала алардын курмандыгы болуп калды. Фейк аккаунт ачып алып, элди кайраштырып, тополоң чыгып кетсе экен деп аракет кылып жатат. Кылган кылмышы үчүн жооп берсин да”,– деп билдирген Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Калмаматовдун артында турган саясатчыларга анын тагдыры баары бир экенин, активист жаштарга-  балдарга жана кыздарга ошондой саясатчылардын тузагына түшпөгүлө деп кошумчалаган.

Жанылыктар