Президент Садыр Жапаров Ашхабадга  жетти

 Президент Садыр Жапаров Ашхабадга  жетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жумушчу сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына келди.

Мамлекет башчынын учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конду.  Ал жерде Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилип, өлкө башчысын тосуп алышты.

Эске салсак, жумушчу сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышат.

Жанылыктар