Президент Россиянын башкы прокурорун кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Орусиянын башкы прокурору Игорь Красновду кабыл алды.Жолугушууда эки өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматташтыгы, улуттук, аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча пикир алмашуу болгону айтылды.Садыр Жапаров Орусия менен кызматташуу Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Президенттин пикиринде, эки өлкөнүн ортосунда жемиштүү стратегиялык кызматташтык өнүгүп жатат. Кыргыз тарап муну баалайт. Кандай гана сыноо болбосун, алар өз ара колдоонун негизинде артта калууда.Орусиянын башкы прокурору Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси позитивдүү өңүттө өнүгүп жатканын жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө ниетинде экенин айткан.Анын пикиринде, бүгүнкү күндө эки өлкө трансчегаралык мүнөздөгү жалпы чакырыктарга жана коркунучтарга дуушар болууда — бул экстремизм, терроризм, мыйзамсыз миграция агымдары, ошондой эле мыйзамсыз курал-жарак жана баңги сатуу экенин айтты.