Президент министр Бейшеналиев кармалганы тууралуу кабардар

 Президент министр Бейшеналиев кармалганы тууралуу кабардар

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалганы тууралуу кабардар.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда бул иш боюнча ар тараптуу иликтөө камсыздаларын айтты.

Кечээ, 28-сентябрда Бейшеналиев пара алуу фактысына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк студенттерди атамекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жатканын кабарлаган. Ошондой эле иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу толук маалыматты кийинчерек берилери айтылган.

Эске салсак, Алмазбек Бейшеналиев 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалап, ал бул кызматка ушул жылдын февраль айында кайрадан дайындалган.

Жанылыктар