Президент мектепке ата-энелерден акча чогултулбасын деп тапшырма берди

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин м.а. Каныбек Иманалиевге ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди (бор, чака, тряпка, ж.б.) сатып алууга акча чогултулбасын деген тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, мектепти оңдоого жана керектүү нерселерди сатып алууга республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт.
Белгилей кетсек, 25-февралда президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алган, анда мамлекет башчысы тарабынан илим жана билим чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттер коюлуп, бул маселе боюнча артыкчылыктуу пландар жана милдеттер талкууланды.
Садыр Жапаров билим берүү жана илим тармагы – мамлекеттин келечегин аныктаган стратегиялык маанилүү жана өтө жооптуу тармак экенин баса белгиледи.