Телерадиокомпания

Президент мамлекеттик ишканаларада ири коррупция болуп келгенин билдирди

 Президент мамлекеттик ишканаларада ири коррупция болуп келгенин билдирди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүнкү Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик ишканаларда ири коррупция болуп келгенин билдирди. Өлкө башчынын айтымында, бир жыл ичинде мамлекеттик ишканалардын киреше бериши көбөйгөн.

“Ушул жылдын башында “Мегакомдун” жетекчисин алмаштыргам. Мурдагы жылдары 2-3 млрд. сом таза киреше берип жатса, эки-үч жылдан бери 500-600 млн. сомго түшүп калган. Тарифтер, абоненттер ошондой эле. Мен жаңы жетекчи дайындап, минимум 1,5 миллиардга чыгарасың, болбосо жоопко тартыласың дегем. Мына бүгүн 1,5 млрд. таза киреше берди. Былтыр болгону 1,5 млрд. сом салык төккөн. Быйыл 3 млрд. сом салык төктү. Калган акчалар кайда?”, – деди Жапаров.

Ал ошондой эле, Кыргыз темир жол ишканасынын жетекчисин июль айында алмаштыргандан кийин ишкана алты ай ичинде 1 млрд. 578 млн. сом таза кирешеге чыкканын айтты.

Өлкө башчынын айтымында бир жыл ичинде “Манас” эл аралык аэропортунда таза киреше 1 млрд. 200 млн. сомго көбөйгөн.

Учурда мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Жыйындын күн тартибине алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, Улуттук коопсуздуктун концепциясы жана энергетикалык коопсуздук маселелери чыгарылган.

Жанылыктар