Президент Мадумаров менен болгон мамилеси тууралуу үн катты

 Президент Мадумаров менен болгон мамилеси тууралуу үн катты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Кемпир-Абаддын айланасындагы акыркы кырдаалдар тууралуу комментарий берди.

Анын ичинде депутат Адахан Мадумаров менен болгон мамилесине токтолду.

Өлкө башчысы Кемпир-Абад маселеси азыркыдай коомчулукка кеңири чыга электе бир катар депутаттарды, анын ичинде Адахан Мадумаровду да өкмөт үйүнө чакырып, аталган маселени түшүндүрүп бергенин айтты.

”Жарым жыл мурда өзүн үйүмө конокко да чакырып, “Адахан мырза, Кыргызстан бирөө эле, ынтымакташалы, мага колуңардан келсе жардам бергиле”,-дегем. Айтылган ойлорго муюп, ынангандай болуп, эки саат олтуруп, “достошуп” кетти эле. Бир апта өтүп-өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты”,- деди Жапаров.

Ошондой эле бардык эл өкүлдөрү менен диалогго барып жатканын айтты. Бирок, алар тараптан тескери жооп болуп жатканын кошумчалады.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар