Президент коргоо министрлигинин борбордук оңдоо базасынын абалы менен таанышты

 Президент коргоо министрлигинин борбордук оңдоо базасынын абалы менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин өз алдынча Курал-жарак жана аскердик техникасын оңдоо боюнча борбордук базасынын абалы менен таанышты.

Мамлекет башчысы Борбордук базанын зооттолгон танкалык техниканы тейлөө жана оңдоо пунктун, атайын жумуш аянтын, аккумуляторлуу батареяларды заряддоо автоматташтырылган системасын, сырдоочу цехти, өздүк курамга тиричилик кызмат көрсөтүү үчүн корпусту, видеокөзөмөл жана телевизорлор менен жабдылган тышкы периметрди коргоо жана эрте аныктоо пунктун, ошондой эле оңдоодон өткөн зооттолгон танкалык техниканы көрүп чыкты.

Президентке 2023-2024-жылдарга базанын аймагын кеңейтүү, зооттолгон танкалык техниканы сактоочу жайларды куруу, аны оңдоо үчүн кошумча жабдууларды орнотуу, коопсуздук тутумун чыңдоо жана башка көптөгөн нерселер пландалып жатканы тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Садыр Жапаров курал-жарак жана ок-дары кампаларынан турган ракеталык жана артиллериялык куралдардын кампасын көрүп чыкты.

Ал жерде бюджеттен тышкаркы каражатка бир катар сактоочу жайлар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңылары курулган.

Жапаров өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө зарылдыгын белгилеп, Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар