Президент Кемпир-Абаддын өзбек тарапка берилишине каршылык билдирип жаткандар боюнча үн катты

 Президент Кемпир-Абаддын өзбек тарапка берилишине каршылык билдирип жаткандар боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Кемпир-Абаддын өзбек тарапка берилишине каршылык билдирип жаткандар боюнча пикирин билдирди.

Мамлекет башчысы Кемпир-Абадды өзбек тарапка Кыргызстан берген эместигин айтты. Тескерисинче, Кыргызстан алып жатканын кошумчалады.

“60-жылдардан бери плотинаны алар башкарып келишти. Эми мындан ары плотинаны башкарууда 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкарабыз деп келиштик. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп туралы дедик. Көлдөн насос менен айылдарга суу тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок эле”,-деп белгиледи өлкө башчысы. 

Мамлекет башчысы мындан тышкары тарыхий- архивдик кагаздарга таянуу менен 1965-жылы плотинаны өзбек тарап курганын билдирди.

“Биз бир тыйын акча салган эмеспиз. Суу басып калган жерибиз үчүн ошол эле 1965-жылы 4127 гектар жерди чек аралаш жерлерден Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан кылып өзбектер өз жерлерин беришкен. Ошондо азыркы суу басып жаткан 4127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып атышат”,-деди Жапаров.

Президент ошондой эле Өзбекстан берген жерлерге кыргыз тарап түптөгөн аймактарды атап берди:

-Кадамжай районунун Көк талаа айылы 758 гектар жерге курулган.

-Пылдырак айылы 255 гектар жерге курулган.

-Араван районундагы Найман айылы 148 гектар жерге курулган.

-Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар жерге курулган.

-Аксы районунда аэропорт 446 гектар жерге курулган.

-Жетиген айылы 75 гектар жерге курулган.

-Падыша-Ата-Сай 5 гектар жерди ээлеп турат.

-Кара-Дөбө 45 гектар жерге салынган.

-Ала-Букадагы Ажек-Тоого 1307 гектар жер берилген.

“Кыскасы, жалпысынан 4127 гектар жерди Өзбекстан тарап 1965-жылы бизге беришкен. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдери, карталары жана башка бизге өткөрүп берген бардык архивдик документтери турат. Мына бүгүн ошол өзбектер берген жерлерди биздин жогоруда аталган айылдар ээлеп турат. Анан эле азыр саясат кылып, “Кемпир-Абадды берип жиберип атышат” деп, биз бүгүн берип жаткандай кылып айтып жатышат. Бул – акмакчылык”,-деди өлкө башчысы.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар