Президент “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча маалыматты ачыктады

 Президент “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча маалыматты ачыктады

Президент Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” маселеси боюнча маалымат берди.

Өлкө башчынын айтымында, “Кемпир-Абадды” буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, эми мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны кыргыз-өзбек тарап чогуу башкарат.

“Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонушат”,-деди президент.

Жапаров ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жакын арада келишимдерге кол коюлуп, кайсыл жер тилкелери Кыргызстандын аймагына өткөнү ачыкталарын белгиледи.

 

Жанылыктар