Президент камакка алынган активист, саясатчылар тууралуу комментарий берди

 Президент камакка алынган активист, саясатчылар тууралуу комментарий берди

Президент Садыр Жапаров камалган саясатчы, активисттер тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде комментарий берди.

Мамлекет башчысы кармалгандарды “Кемпир-Абад” маселеси кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо болуп жатканын белгиледи. Айтымында,  камалгандардын көпчүлүгү менен буга чейин да жекеме-жеке диалог кылганда көпчүлүгү кызмат сураган.

“Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен. Ар кандай кызмат орундарын ачып, баарына кызмат жеткирсең деле болот. Бирок мамлекеттин ар бир тыйыны менин мойнумда да. Кантип ысырап кылам. 7 миллион элдин алдында ар бир тыйын үчүн жооп беришим керек. Коркок болсом, балким мурдагылардай – 2010-жылдагыдай кылып, пайда-батасы жок министрликтерди ача коюп, “мына сага, министр бол!” деп тынчытып койсом деле болмок. Бирок мен андайга барбайм! Анткени мен корккудай ууру кылган жокмун. Бийликте олтурганда ар бир жасаган ишимди 10 жылдан кийин болобу, же 100 жылдан кийин болобу, эл алкыш айткандай кылып жасап кетем”,-деди Жапаров. 

Президент маегинин соңунда камалгандар боюнча укук коргоо органдары жооп берерин жана акыркы чекитти сот коерун кошумчалады.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар