Президент Кадамжайдагы өспүрүм кыздын өлүмү боюнча кайрылуу жасады

 Президент Кадамжайдагы өспүрүм кыздын өлүмү боюнча кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров Кадамжайдагы өспүрүм кыздын өлтүрүлүшү боюнча кайрылуу жасап, иш көзөмөлүндө экенин билдирди. 

Ал өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн жектөөгө чакырып, жаш муундарга болгон тарбия-насаатты күчөтүү керектигин белгиледи.

“Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам. Кадамжайда жасалган мыкаачылык – кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот”- деди Жапаров.

Жанылыктар