Президент Көзөмөл-кассалык аппараттарды  колдонууга өткөрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды

 Президент Көзөмөл-кассалык аппараттарды  колдонууга өткөрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине көзөмөл-кассалык аппараттарды  колдонууга өткөрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ал өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылып, эгер ишкерлерге оорчулук туудурган жагдайлар болсо аны жеңилдетүү жактарын караштырууну тапшырды. Садыр Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы ККМди киргизүүгө кол кабыш кылышы керектигин эскертти.

“Силер дагы баарын тактап, Салык кызматына кайрылып жагдайды түшүнүп алып аны элге жеткирип турушуңуздар керек. Дүйнө эбак өткөн электрондоштуруу системасына Кыргызстан дагы өтүшү зарыл. ККМ аппараттарын киргизүү бул бир гана салык үчүн керек эмес. Бул товарлардын сапатына карата элдик көзөмөл. Сертификат албай, салыктан качкан, өз пайдасы үчүн жанталашып жүргөн “кара ниет” ишкерлерди финансылык тартипке чакыруу. Ошондуктан бул аппараттарды бардык жерге киргизишибиз керек. Биз контрабанда, коррупция жана бюрократия менен дагы аёосуз күрөшөбүз”, – деди президент.

Жанылыктар