Президент күтүүсүздөн Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барды

 Президент күтүүсүздөн Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барды

Президент Садыр Жапаров Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Орунбеков президент эч кимге айтпай, керектүү кишилерди даярдатып койбой, күтүүсүз барып эл аралап жүргөнүн айтты.

Жашоочулар өздөрү сүрөткө тартып, социалдык байланыш тармактарында таратып жатышат.

Чындыгында биз – маалыматтык саясат кызматы деле билген эмеспиз. Учурдан пайдаланып айтып коюуну туура көрдүм. Кыргызстандын аймагында болуп жаткан маалыматтар, социалдык байланыш тармагындагы талкуулар боюнча мамлекет башчысынын толук маалыматы бар.

Керек учурда өзү күтүүсүз келип калат. Көп учурда өзү эч кимге кабар бербей кыдырып, таанышып жүрө берет“, – деди Орунбеков.

Белгилесек, бүгүн Садыр Жапаров барган конушта үйү түрттүлгөн аял тууралуу коомчулукта талкуу жаралган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар