Президент ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

 Президент ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 10-февралда,  ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

“Эл сыймыктары калың журт үчүн шам чырак болуп, аларды алга сүрөп, шык-дем берип, акыры улуттун уңгусу менен өзөгүн түзүп калат”- деп белгиледи сыйлык тапшыруу аземинде президент Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Бүгүнкү сөзүмдү: «Жалпы эл-журттун назарына илинген инсандарды учурунда баалап-барктап, кастарлап алуу — улуттук рухту даңктоого жана шыктандырууга багытталган мамлекеттик саясат болуп эсептелет» деген сөздөр менен баштагым келип турат.

Андыктан, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги албан жетишкендиктери үчүн бир катар мекендештерибиздин эмгегин баалап, мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар менен сыйланып жатышы — жалпы коомчулук сыймыктана турган окуя.

Элибиздин сый-урматына татыган ар кыл кесиптин чыныгы кесипкөйлөрүнүн эмгегин баалоонун өзү эле мен үчүн дагы ары сыймык, ары кубаныч, ары атуулдук милдет болуп турат! Сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктап, Ата Мекен алдында кылган ак кызматыңар үчүн силерге ыраазычылык билдирем.

“Аты аталса, куту сүйүнөт” дегендей, алардын ичинен “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” сыйлыгына татып олтурган Өмүрзак Мамаюсупов, Халима Ашырбаева, Маша Чыныбаева сындуу эжей-агайларыбыздын ысымдарын атасам, алардан таалим-тарбия алган канча муун өкүлдөрү, канча мектеп бүтүрүүчүлөрү кубанычы койнуна батпай, маңдайлары жарыла сүйүнүп турары анык.

Ал эми колунун эми өтүп, Жараткандын амири менен шыпаасын тийгизип келген ден соолук сакчыларынын түмөн түйшүк эмгегин кимдер баалабайт!? Аларга чын жүрөктөн чыккан ыраазычылык сөздөрүн айтпаган жан болбосо керек. Айрыкча, ак халатчандарыбыздын кадыр-баркы дүйнөнү тооруган коронавирус илдетине каршы күрөшүп жатканда айрыкча билинди. Катарында Иванюк Людмила Владимировна, Касиетхан Бекибаева, Канышай Осмонова, Айчүрөк Жумалиева жана башкалар турган жоон топ дарыгерлердин, врачтардын сыйланып жатышы — айтылган сөздөрдүн далили. Ал эми, Мамбетакун Намазбеков он беш миңден ашуун кан-тамыр ооруларын хирургиялык жол менен дарылап, ондогон ойлоп табуулардын автору болууга жетишсе, Надырбек Аскаров аттуу жараныбыз жакырчылыкта жашаган жалгыз бой адамдарды жана кары-картаңдарды коронавирус илдетинен сактап калууда жан аябай көмөк көрсөткөн.

Кандай гана жагдай болбосун, маданият тармагынын, адабият менен искусство жаатынын кызматкерлеринин чаалыкпай эмгектенип, кылымга калчу көркөм дөөлөттөрдү жаратып жатышы суктана турган көрүнүш.

Сексен жашка чыкканча эң сонун роман-повесттерди жаратып келген аксакалыбыз Мелис Абакиров, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана скульпторлорунун даңкын улаган Виктор Шестопал, Жылкычы Жакыпов, Нарынкул Турпанов, Базарбек Сыдыков, композитор Сардарбек Жумалиев жана башкалар улуттук маданиятты жаңы деңгээлге көтөрүштү деп эсептейм. Ал эми Чынгыз Айтматов атындагы театрда эмгектенип, жүз элүүдөн ашуун роль жараткан актриса Марусич Александра Евгеньевна, алыскы Лондонго чейин барып, Шекспирдин каармандарын ойногон Алымкул Исаков искусствого кызмат өтөөнүн нагыз өрнөгүн көрсөтүшүүдө.

Мейли аскер кызматчысы болобу, же айыл чарбасы менен энергетика тармагынын адамы болобу, мейли шаарыбыздын тазалыгын көзөмөлдөгөн ишкананын мээнеткеч жумушчусу болобу, же массалык маалымат каражатынын өкүлү болобу, адал эмгектенген ар бир адам коомду жакшыртууга салымын кошуп жатат. Ошондой адамдардын катарында атактуу генерал Мырзакан Субанов, ветеринария тармагынын кызматкери Тазабек Бокушев, социалдык коргоо тармагынын кызматкери Баатырбек Абдымамытов, «Тазалык» муниципиалдык ишканасынын айдоочусу Акылбек Ырысбеков, «Бишкек штамптоочу заводунун» цех начальниги Геннадий Сиротин жана башкалар бар.

Эми, бул жерде отурган ар бир сыйлык ээси тууралуу айта берсек, узун сабак кеп болчудай. Бир гана белгилей кетчү нерсе , баарыңыздар ушундай алкоолорго татыктуусуздар.

Урматтуу сыйлык ээлери, айтайын дегеним, баарыбыз биримдикти жана ынтымакты сактап, жапа тырмак иш кылсак, бабалар мурастаган мамлекеттүүлүгүбүздү, көз жоосун алган касиеттүү жерибизди, ага төрт тарабы шай келген нускалуу элибизди өнүктүрүп-өстүрүп кетүү мүмкүнчүлүгүн туура пайдалана алабыз.

Дагы бир жолу алган сыйлыгыңыздар кут болсун!

Асыл максаттарга жетүүдө дагы да албан иштерди арбын жасай бериңиздер!

Кыргызстан – сиздер менен сыймыктанат!

Бар болуңуздар!”

Жанылыктар