Президент иш сапары менен Түркияга барды

 Президент иш сапары менен Түркияга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапары менен Түркиянын Бурса шаарына барды.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Изник шаарында өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине барат.

Белгилесек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 148 спортчу катышат.

Мелдешке катышкан спортчулар көкбөрү, көкпар, алыш күрөшү, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча күч сынашат.

Оюндар Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин өтөт.

Жанылыктар