Президент иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына барат

 Президент иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына барат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) мамлекеттик тышкы иштер министри Халифа Аль-Марар менен жолугушту.

Тараптар жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстандын президентинин ушул жылы БАЭге расмий сапарын даярдоо жана уюштуруу үчүн жакын арада ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүү боюнча сүйлөшүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БАЭге жыл аягына чейин иш сапары менен барат.

Жанылыктар