Президент иш сапары менен Өзбекстанга барат

 Президент иш сапары менен Өзбекстанга  барат

Президент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Өзбекстан мамлекетине иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында Самарканд шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышат.

Муратбек Азымбакиев иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу пландалып жатканын белгиледи.

Өзбек тараптын төрагалыгы астындагы Саммиттин ишине Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын башчылары катышат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар