Президент ипотекалык үйлөрдүн баасы арзандай турганын айтты

 Президент ипотекалык үйлөрдүн баасы арзандай турганын айтты

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү курулуп бүтсө, анын чарчы метри 200 долларга арзан болот. Бул туурасында президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Өлкө башчысы учурда үйлөр тездик менен курулуп жатканын жана анын баасы мурдагыдан арзан болорун белгиледи.

“Эки жылдан бери бюджеттен акча бөлүп келебиз. Мамлекеттик ипотекалык компания болсо ал акчага кезекте тургандарга рыноктон бир квадрат метрин 750 доллардан алып берип жаткан экен. Аны да дароо токтотуп, азыр эми үйлөрдү өзүбүз тездик менен куруп бере баштадык. Ошондо бир квадраты 750 эмес, 550дөн айланат экен. Бул батир алып жаткан жарандарыбызга дагы эң чоң жардам. Ар бир чарчы метрин 200 доллардан арзан алган болот. Ушинтип 2026-жылга чейин 50-60 миң үй-бүлөгө батир бергенге үлгүрөбүз деген планыбыз бар, – деди Жапаров.

Белгилесек, жарандар турак жайларды “Менин үйүм – 2021-2026” программасы аркылуу 25 жылга чейин бөлүп төлөө шарты менен ала алышат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар