Президент Эл баатыры сыйлыктарын ыйгарды

 Президент Эл баатыры сыйлыктарын ыйгарды

Президент кол койгон жарлыкка ылайык, кинорежиссер, сценарист Болотбек Шамшиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Ушундай эле артыкчылык даражасы менен мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеев, мамлекеттик ишмер Медетхан Шеримкулов жана Апас Жумагулов сыйланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы  Камчыбек Ташиевге да «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» даражасы ыйгарылды.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, бул сыйлыктар мамлекеттин жана кыргыз элине сиңирген өзгөчө эмгектери үчүн берилди.

Жанылыктар