ОшТВ телерадиокомпаниясы

Президент экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүдөгү биринчи тапшырмаларга токтолду

 Президент экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүдөгү биринчи тапшырмаларга токтолду

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров министрлер кабинетинин бүгүн, 25-декабрдагы жыйналышында экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана өлкөнүн бюджетин толтуруу боюнча биринчи кезектеги тапшырмаларды айтып берди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, эл андан төмөнкү тапшырмаларды аткарууну талап кылды:

  1. Экономиканы калыбына келтирип, бюджетти кескин көтөрүү тапшырмасы;
  2. Элибиздин басымдуу бөлүгү кедей, ортодон ылдый деңгээлде жашайт. Айрыкча жакырларга жакындан жардам берүү талабы;
  3. Жакындарын жоготуп ичи ачышып турган эл пандемиянын толкуну менен катуу күрөшүүнү аталп кылды;
  4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартуу талабы;
  5. Кумтөр элге өтсүн, эл аралык аренада Кыргызстандын аброюн көтөрүү, тең ата сүйлөшүү талабы.

«Өткөн жылдын октябры — жылдын аягы болуп калгандыктан, 2020-жылы тезинен бюджетти толтуруу, социалдык милдеттерди аткаруу керек болду.

Ошондуктан 29-октябрда эч коркпостон — экономикалык амнистия жарыяладым.
Андан кийин мамлекеттин эсебинен байыгандар менен катуу күрөш жүрдү.

2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин ачылган коррупциялык схемалар боюнча мамлекеттин кирешесине 8 млрд сомго жакын каражат жана мүлк түрүндө кайтарылды;
жогорку кызматтагы аткаминерлер, сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камакка алынды, жоопкерчиликке тартылды. Коррупцияга каршы күрөш улантылат жана абдан күчөтүлөт.

Коррупция бул — чоң социалдык коркунуч. Мамлекеттин укуругу узун! Эгер карапайым калктын бир тыйындан чогулган казнасынан жедиби — он эселеп кайтарат. Экономиканы калыбына келтирүү үчүн айрыкча 2005 жана 2010-жылдагы элдик толкундоолордон кийинки рейдерлик баскынчылыкты болтурбоо үчүн башынан — менчикти коргоо, бизнести колдоо, ички жана тышкы инвестицияны сактоо — менин негизги ишим болду. Президенттик кызматка киришерим менен менчикти коргоо, ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо боюнча бир жылдын ичинде 1 эмес 4 жолу Жарлык чыгардымв», — деди президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей, быйыл элге 20 млрд сомдон ашык насыя берилди, анын 72%ы аймактарга кетти. Мында ар бир тыйындын кимге берилгендиги боюнча контроль күчөтүлөт. Акчалары көбөйгөн мамлекеттик банктар — эми кредит берүү саясатын өзгөртөт. Демек, элдин бизнес пландары «каякка сатылат”ошондон баштап түзүлүп, өзгөрө баштайт.

«Кепилдик фонд боюнча айтсак, былтыр октябрдан кийин тез арада 2 млрд сомго кошумча капиталдаштырылып, пандемиядан жабыр тарткан ишкерлерди колдоого 10 пайыздык чени менен насыялар берилди. Быйыл 2,5 млрд сом суммасында Кепилдик фонд кошумча капиталдаштырылды. Азыр анын уставдык капиталы 6,6 млрд сомду түздү. Бул эмне берет?
Бул банктар талап кылган залог — күрөөгө коюу деген „балээден“ — элди кутулттук.

Күрөөсүз эле 3 млн сомго чейин насыяларды алууга мүмкүн болду. Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан 1-июлдан баштап түздөн-түз каржылоо программасы боюнча жаңы насыялар бериле баштады. Бул каржылоо былтыр 5-октябрынан тартып токтотулган. Быйыл июлдан башталды. Мунун баары ишкерлерди колдоочу механизмдер. Бирок бул да чек эмес. Ишкерлерге берилип жаткан жогорудагы жеңилдиктер алардын көмүскө экономикадан чыгуусуна сөзсүз түрткү болот деп ишенебиз», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Ал тышкы инвестиция жаатында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстанга иш сапарлардын алкагында бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен эки тараптуу экономикалык форумдар болуп өткөнүн белгиледи.

Натыйжада: быйыл дүйнөдө чет өлкөлүк тике инвестициялардын агымы 35%га кыскарганына карабастан, башка өлкөлөрдө кыскарып кетти да 35%га чейин, 2021-жылдын 9 айында бизде тышкы инвестиция 26,4% га көбөйүп, 503 млн долларды түздү, сом менен алганда 43 млрд сом тышкы инвестиция келди.

Инвестициялык өнүктүрүү фонддору түзүлдү жана түзүлүп жатат:

  • Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду уставдык капиталы 16 млн долл менен түзүлдү, аны 50 млн долл.га чейин жеткиребиз деп макулдашылды.
  • Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 50 млн долл менен түзүлүп, буюрса, 200 млн долл.га чейин көбөйтүлөт. Сүйлөшүлдү.
  • Кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун уставдык капиталын 100 млн долл менен түзүү маселеси иштелип чыгууда.
  • Түрк мамлекеттер уюмунун инвестициялык фондун түзүү жөнүндө маселе иштелип чыгууда:
    уставдык капиталы 443 млн долл болот деп сүйлөшүп жатабыз.
  • Кыргыз-азербайжан жана Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фонддорун түзүү боюнча маселелер иштелип чыгууда.

«Бирок бул да чек эмес, көмүскө экономикадагылардын бардыгы ачыкка чыгарылат. Ишкерлерге берилип жаткан жогорудагы жеңилдиктер алардын көмүскө экономикадан чыгуусуна түрткү болот деп ишенебиз.

Мына ушундай ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү колдоонун жыйынтыгында экономикалык активдүүлүк калыбына келе баштады.

ИДПнын номиналдык көлөмү 3 жыл катары менен 600 млрд сомго жетпей келген, биз аны быйыл 720 млрд сомго чейин чыгарабыз деп жатабыз», — деп жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Булак: kabar.kg

Жанылыктар