Президент чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

 Президент чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды.
 Турак-жайды курууга республикалык бюджеттен 100 миллион сомдон ашык каражат сарпталды.
Садыр Жапаров чек арачылардын кесиби өтө сыймыктуу жана ошончолук жоопкерчиликтүү экенин дагы бир жолу белгилеп, социалдык укуктарын, кепилдиктерди жана жашоо-шартын жакшыртуу багытында активдүү иштер улантыларына ишендирди.
Учурда Шамалды-Сай чек ара отрядынын имаратын кайра реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жеке курамды сапаттуу даярдоо максатында бөлүктүн материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, окуу-машыгуу иштери заманбап каражаттар менен камсыздалат.
Мамлекет башчысы ошондой эле учурда Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатканын кошумчалады.
«Буюрса, келечекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын бардык жеке курамдарынын маянасын көтөрөбүз», — деди ал.
Президент иш-чаранын жүрүшүндө жаңы үйдүн батирлерин көрүп чыгып, жергиликтүү тургундар жана аксакалдар менен баарлашты.

Жанылыктар