Президент бир катар ишкерлерге сыйлык тапшырды

 Президент бир катар ишкерлерге сыйлык тапшырды

Президент Садыр Жапаров Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкондугу үчүн КРдин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

“Atalyk Group” (“Аталык Групп”) жабык акционердик коому;

“БИОВИТ” жоопкерчилиги чектелген коому;

“ТЕКСТИЛЬ ТРАНС” (TEXTILE TRANS) жоопкерчилиги чектелген коому.

Президенттин атынан алкыш жарыяланган ишкерлер:

Эгембердиев Кайрат Таабалдыевич — “Шоро” жабык акционердик коомунун башкы директору;

Шалюта Александр Васильевич — “Кайыңды Кант” ачык акционердик коомунун башкы директору;

Ирсалиев Нияз Рахатбекович — “Тегирменти Гидроэлектростанциялары” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Кокоев Кайрат Абдилбаитович — “Кыргыз каганат” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Капаров Санжар Нуралиевич — “Кант ТШП” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Акаев Канатбек Ергешбаевич — “БАРБОЛ” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

 

Жанылыктар