Президент Азиз Мурадиллаевдин операциясына 42 миң доллар бөлүп берди

 Президент Азиз Мурадиллаевдин операциясына 42 миң доллар бөлүп берди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаевдин операциясына 42 миң доллар бөлүп берди. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова фейсбуктагы баракчасына жазды

“Урматтуу Садыр Нургожоевич. Тез жооп бергениңиз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Бир нече саат мурун мен сизге КРнын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевди сактап калуу өтүнүчү менен кайрылсам, бир сааттан кийин сиздин атыңыздан ооруканага 42 миң доллар жөнөтүлдү. Бизди угуп, бүтүндөй өлкө ден соолугуна тынчсызданып жаткан таланттуу актерду куткарууга кам көргөнүңүз үчүн рахмат”,- деп жазды Молдокматова.

 

Жанылыктар