Президент Атамбаевдин эркиндикке качан чыгаарын айтты

 Президент Атамбаевдин эркиндикке качан чыгаарын айтты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын дебатында сүйлөгөн сөзү, чек ара маселесине байланыштуу айрым суроолорго жооп берди.

Анын катарында экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча үн катты.

Өлкө башчысы Атамбаевге карата сот иштери уланып жатканын жана аны эркиндикке чыгарууга укугу жок экенин айтты.

“Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам: «Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюнузчу, суранып атышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коелучу» деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. «Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсин да» деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. “Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум” дедим”-деди Президент.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевге массалык башаламандык уюштуруу сыяктуу бир нече айып тагылып, кылмыш иши козголгон.

Жанылыктар