Президент Астана шаарындагы иш-чараларга катышат

 Президент Астана шаарындагы иш-чараларга катышат

Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Астана шаарындагы бир катар жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат. Андан соң, 14-октябрда ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына барат. Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Россия” форматындагы 1-саммитке катышат.

“Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, “Борбор Азия – Россия” форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Жанылыктар