Президент агасынын алтын кармап түшкөн сүрөтү боюнча үн катты

 Президент агасынын алтын кармап түшкөн сүрөтү боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде соцтармактарда талкууланып жаткан агасы Сабыр Жапаровдун алтын куйма кармап түшкөн сүрөтү боюнча жооп берди.

Жапаров аталган сүрөт Туркияда тартылганын айтты.

“Эсиңиздерде болсо, былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон. Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. «Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар» деп кайрылышыптыр.Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен”,- деди Жапаров. 

Өлкө башчысы ошондой эле Кумтөрдөн чыккан алтынга эч ким кол тийгизе албастыгын, ал жер 24 саат бою көзөмөлдө экенин билдирди.

“Кумтөрдөн» баштап Кара-Балтага, андан бери Кыргызалтын, анан Улуттук банкка чейин 24 саат бою видеокамералар, сакчылар, текшерүүчүлөр коюлуп, бири-бирине акт менен өткөрүп берип турушат”,-деди президент.

Жанылыктар