Президент өлкөнүн абадан коргонуу бөлүктөрүнө эскертүүсүз барды

 Президент өлкөнүн абадан коргонуу бөлүктөрүнө эскертүүсүз барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, өлкөнүн абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барып, алардын абалы менен таанышты.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, мамлекет башчысы ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты.

Маалыматка караганда, 1961-жылдан бери бул жердеги имараттар менен курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Президент казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу жана капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн башка шарттарын да жакшыртуу тапшырылды.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар