Президент өлкөдө айдоочулук күбөлүк берүү жараяны жеке көзөмөлүндө экенин айтты

 Президент өлкөдө айдоочулук күбөлүк берүү жараяны жеке көзөмөлүндө экенин айтты

Президент Садыр Жапаров “Унаа” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

Мамлекет башчысы айрыкча айдоочулук күбөлүк берүү жол-жобосуна өзгөчө көңүл бураарын белгиледи. Муну менен ал айдоочулук күбөлүктү сатып алуу, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу аракеттери көрүлөөрүн айтты.

«Унаа мамлекеттик ишканасынан айдоочулук күбөлүктү сатып алуу мүмкүндүгү, айрым чиновниктердин, айрыкча, күч түзүмдөрүндө иштеген аткаминерлердин айдоочулук күбөлүктү тууган-туушкан, жээк-жаатына белек катары берип келгени эч кимге жашыруун эмес. Мындан тышкары, ар кыл коррупциялык схемаларды түзүп, мамлекеттик кызматты жеке өз кызыкчылыгына пайдаланып, киреше табуунун булагы катары көргөндөр да жок эмес. Аларга аёо болбойт»,-деди өлкө башчысы өз кайрылуусунда.

Президент айдоочулук күбөлүк алуу үчүн компьютердик экзаменден өтүү керектигине карабастан, андан кыйгап өткөн учурлар болуп жатканын баса белгиледи. Буга Унаа ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалында айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүнүн айла-амалы кылып зымсыз “мышка”, дүрбүгө чейин колдонулган далилди мисал келтирди.

«Эми мунун кесепеттери айтпаса да түшүнүктүү. Бул өлкө боюнча дээрлик күн сайын катталаган жол кырсыктарына, бейкүнөө каза болууларга себеп болуп келет. Канча деген жарандарыбыз кан жолдо набыт болуп кетүүдө. Ошондуктан эми мурдагыдай тааныш-билиш, же акчанын күчүнө салып айдоочулук күбөлүк алууга жол берилбейт. Андайга баруу аракеттерине мыйзам чегиндеги кескин жана катаал чаралар колдонулат»,-деди мамлекет башчысы Садыр Жапаров.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар