Президент өлүм чыккан үйдө мал союуга тыюу салган жарлык чыгарды

 Президент өлүм чыккан үйдө мал союуга тыюу салган жарлык чыгарды

Президент Садыр Жапаров бүгүн 24-февралда өлүм болгон үйдө мал союулушуна тыюу салган жарлык чыгарды. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына бул талап колунда барына, же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскерттип, билдирүү жазды.

Өлкө башчысы жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырды. Ошондой эле, каршы чыккандар дагы бар экенин белгилеп, буга байланыштуу 2019-жылы уулу каза болгондо “тоок дагы сойдурбай койгонун” мисал кылды. Төмөндө президенттин билдирүү тектти:

“Колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет. Ооба, бул жарлыкка каршы чыккандар дагы болду. Бирок мындай жарандарыбыз азчылыкты гана түзөрүнө ишенем. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. 2019-жылы тун уулум Дастан каза болгондо айылдан бир туугандарым чалып, “үч бодо даярдадык, жетеби” деп сурашты. Мен “кереги жок, тоок дагы сойбойсуңар” деп, эч нерсе сойдурбай койдум. Алар “алыстан көп киши келет, ачка кетиребизби, сөз кылышат, сөзгө калабыз” деп, мени ынандырганга аракет кылышты. “Сөз кылса, мени сөз кылышсын, мен той берип жаткан жокмун, мен аза күтүп жатам” деп караманча каршы болдум. Жыйынтыгында он миңдей адам келип, топурак салып кетишти. Эч ким эч кандай сөз деле кылган жок. Тескерисинче, “ушул туура эле болот экен” деп кеткендер көпчүлүктү түздү. Ошондуктан, бардык кыргызстандыктардан суранат элем, колдоп бериңиздер. Баарыбыз бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтөлү. Ал эми бул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырам. Жергиликтүү бийликтер: мектептин директорлорунан баштап, участкалык милициялар, айыл өкмөт, райондук мекемелердин жетекчилери, райондун акими, Президенттин өкүлүнө чейин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алышыңарды талап кылам жана ар бириңер жооп берериңерди эскертем”,-  деп жазды Жапаров.

Жанылыктар