Президент үч адамга «генерал-майор» наамын ыйгаруу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров кезектеги жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык наам төмөнкүлөргө ыйгарылды:
— «милициянын генерал-майору» наамы — Боронов Мурат Самидинович;
— «милициянын генерал-майору» наамы — Абитов Тариель Таштанович;
— «бажы кызматынын генерал-майору» наамы — Исабеков Самат Сатарович.
Белгилесек:
- Исабеков Самат Сатарович — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы
- Абитов Тариель Таштанович — ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги
- Боронов Мурат Самидинович — Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы