Польша менен Болгария орус газысыз калды

Польша менен Болгария Газпромдон газ берүүнү токтотконун жарыялашты. Эки өлкөнүн энергетикалык концерндери “Газпромдон” Орусиядан көгүлтүр отун жеткирүү толугу менен токтотулганы тууралуу билдирүү алышканын билдирди.
Буга чейин Варшава менен София Москванын газ үчүн рубль менен төлөө талабын аткаруудан баш тартышкан.
“Булгар-Газ” келишим боюнча жаңы төлөмдөр тартибине макул эмес жана күйүүчү майдын башка булактарын издейт. Болгарияда керектөө үчүн эч кандай чектөө чаралары талап кылынбайт, деп ишендиришти аткаминерлер.
Польшада болсо, келишимдердин бузулушуна байланыштуу Газпромго дооматтарды коюуну көздөп жатышат. Польша өкмөтүнүн маалыматы боюнча, өлкөдөгү газ кампалары 76 пайызга толду. Мындан тышкары, бийликтер Норвегиялык Шельф жана Катар сыяктуу бир нече альтернативдүү импорттук варианттарга ээ.
Орусиянын Украинага согуш ачканына байланыштуу Батыш Москвага болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизген. Мындан улам марттын соңунда Орусиянын президенти Владимир Путин “дос эмес мамлекеттерге” газды рубль менен гана сатуу буйругуна кол койгон. Батыш мамлекеттери ал үчүн “Газпромбанкта” эсеп ачууга тийиш эле.
Кремлдин мындай чечиминен кийин Балтика боюндагы мамлекеттер Латвия, Литва жана Эстония Орусиядан газ сатып алуудан баш тарткан.
Орусия Европанын 40% газ менен камсыздайт. Алардын ичинен Германия орустардын көгүлтүр отуна көбүрөөк көз каранды. Ал газдын 50% Москвадан алат.