«Полит узник» баракчасынын администратору 48 саатка камалды

 «Полит узник» баракчасынын администратору 48 саатка камалды

Фейсбуктагы «Полит узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кечээ, 14-августта суракка чакырылган. Суракка чакырууга анын ошол эле күнү «Полит узник» баракчасы аркылуу УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялаганы себеп болгон.

Андан соң Ырыс Жекшеналиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.Алдын ала маалыматтар боюнча, Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.Кечээ УКМКнын мурадыгы төрагасы Абдил Сегизбаев дагы милицияга суракка чакырылгандыгы айтылды.Эске салсак, кечээ, 14-августта президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан Нарын облусундагы «Жетим-Тоо» темир кени боюнча кайрылуу жасаган. Анда кен казылбай тургандыгын айтып, бул боюнча туура эмес маалыматтарды таратып жаткандарга укук коргоо органдарын чара көрүүгө чакырган.

Жанылыктар